Күз айлары Кара-Суу айыл аймагында өз учуру менен өтүп жаткан убагы. Айыл дыйкандары айыл – чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүн жыйнап, ал эми кыз-келиндери, аялдар болсо ар кандай жашылча-жемиштерден консерва, салаттарды жасап, чапташып, кышка даярданып жаткан учуру.
Айыл тургуну Турсуналиева Аида : “Азыркы убакта короодогу жашылчалардын бышып турган учуру. Суук түшө электе калемпирден, помидордон, пияздан салаттарды жасап, банкаларга чаптап жатам. Быйыл жашылчалардын түшүмү жакшы, ал эми абрикос, сливаны болсо сатып алдым базардан. Айылыбызда бүлдүркөн көп, бүлдүркөндөн варенье, компот жаап койдум”. “Ал эми мен болсо быйыл көбүнчө компотторду көбүрөөк жасадым: абрикостон, сливадан, алчадан, бүлдүркөндөн жана алмадан. Кызыл кызылчадан, помидор, калемпир жана капустадан да ар кандай салаттарды да жасап жатам. Быйыл аба-ырайы жакшы короодогу жер жемиштер жакшы түшүм берди. Негизинен биздин айылдагылар быйыл абрикос, алма, пияз жана картошка эле сатып алышпаса калган керектүү жашылчаларды короолоруна өстүрүп алышты. Айылдын чет жактарында быйыл бүлдүркөн аябай көп болду, көпчүлүк тургундар бүлдүркөн теришип, варенье, компот жасашат, кээ бирөөлөрү болсо атайын терип алышып, базарга барып сатып, оокат кылышат. Быйыл күз түшүмдү мол берди, дыйкандардын мээнети кайтып, кампалары толуп, көңүлдөрү ток”, — дейт үй кожойкеси Ашырова Кымбат.
Даярдаган: Данияр кызы Назик