Эл сүйгөн жетекчи барбы? Ушул суроо көпчүлүк окурмандарыбызды ойлондурбай койбосо керек. Анткени массалык маалымат каражаттарында, Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал жетекчилерибиз жөнүндө аркандай пикирлер жарыяланып жүрөт.
Көрсө Элдин уучу куру эмес дегендей. арабызда ЭЛ СҮЙГӨН ЖЕТЕКЧИЛЕР да бар экен. Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча өткөрүлгөн Нооруз-2017 майрамдык аземинин салтанаттуу бөлүгүндө «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясынын директору, бир канча медалдардын, Ардак Грамоталардын ээси, Карабаев Исманали Джумабаевичке «Эл сүйгөн жетекчи»- төш белгиси тапшырылды.
Сыйлыгыңыз куттуу болсун.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров