Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында 21-март күнү Нооруз майрамына карата “Шайыр келиндер” сынагы өткөрүлдү. Анда Сары-Дөбө айылындагы келиндерден куралган “Байчечекей” жана “Аруузат” топтору жарышышты. Жыйынтыгында “Аруузат” командасы жеңишке жетишти.
Таймашта келиндер саламдашуу, ыр, бий, сахналаштырылган көрүнүш, саркеч кийимдерди көрсөтүү, салат жасоо программалары боюнча ат салышты. Ушул программаларды мыкты аткарган топтор жана топ мүчөлөрү айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Жеңишке жеткен “Аруузат “ тобунун башчысы Данагүл эже сынакка абдан даярданганын билдирди.
“Бизге конкурстун жобосу көп күн алдын берилген эле. Ошондон баштап кызуу даярдана баштадык. Мындай конкурс жылда эле өткөрүлгөндүктөн даярданууда кыйынчылыктар болгон жок. Шайыр келиндерибиз ырдап, бийлеп өздөрүнүн бар чеберчилигин көрсөттү. Биздин топ саналуу гана упай менен алдыга чыктык. Кубанып жатабыз”, — деп айтты Данагүл эже.

Калыстар тобунун төрайымы Мария Кудайбердиева сынакта өнөр көрсөткөн таланттуу келиндерге таң калганын билдирди.

«Бүгүнкү конкурстун максаты — бул жеңип-жеңилүу эмес, “Эл ичи өнөр кенчи” дегендей, үйдө олтурган келиндердин катылып жаткан таланттарын элге тартуулоо болду. Быйыл болгону жылдагыдан өзгөчөлөнүп эки эле топ мелдешишти. Бул эки топ көрүнүштөрдү аткарганда өздөрунүн бар талантын ачып бере алды. Бардык келиндердин таланттары өркүндөп өссүн», — деп билдирди Кудайбердиева.
Даярдаган: Аймир Каныбекова
НЖ
Сынак үчүн