21-март күнү Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын борбордук стадионунда Нооруз күнүнө карата футбол боюнча айылдар арасында мелдеш болуп, ага айыл аймагынан төрт команда катышты.
Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш, Сары-Дөбө, Искра жана Андарак айылдарынан келген командалардын футболдук беттеши болду. Финалдык оюнда Көк-Таш жана Искра айылынын футболчулары күч сынашып, жыйынтыгында Искра айылынын оюнчулары 0:3 эсебинде жеңишке жетишти.

“Биз бүгүн жеңдик, азыр кубанып турам. Төрт айдан бери футбол ойнобой стадион курушун күтүп жүрдүк. Бүгүн талаага кирип, колдон келишинче кооз оюн көрсөткөнкө аракет кылдык”, — деп билдирди Искра айылынын командасынын оюнчусу Эржан Абдраимов.

Бул оюнду Сумбула айыл өкмөтү уюштурду. Көрармандар оюн жогорку денгээлде өткөнүн айтышты.

“Мага футбол абдан жагат. Себеби эң кызыктуу спорт. Бүгүн болгон оюн абдан жакты. Эң жаккан оюн Сары-Дөбө жана Көк-Таш айылдарынын командалары арасындагы оюн. Себеби алар пенальти тебишкени жакты”, — деди оюнга күбө болгон Азим.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн