Окутуу шарты окуучулар үчүн күтүүсүз кыска аралыкта өзгөрүп, билим-тарбия берүү аралыктан жүргүзүлүп жаткандыктан, окуучуларга жана ата-энелерине бир аз ыңгайсыздыктар, моралык-психологиялык көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Ушул кырдаалда кыска убакыттын ичинде Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясы аралыктан окутууну туура жолго кое алды.
Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясынын директору, билим берүүнүн отличниги, Базаргүл Рустамова аралыктан окутуу иштерин кантип жолго койгондугу боюнча кыскача маалымат берди:
“Аралыктан окутуу ыкмасын жүргүзүү үчүн, кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы технологиясын иштеп чыгуу керек болду. Бул учурда эң зарыл болгон үч талапты койдук, биринчи талап- бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон шартты камсыздоо, башкача айтканда окутууда колдонулуучу техникалык каражаттардын бардык окуучуларга жеткиликтүү болуусу, экинчи талап- аралыктан болсо да мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты үзбөй, конструктивдүү диалогду сактап калуу, үчүнчүдөн- аралыктан тарбиялоого ата-энени түздөн түз катыштыруу. Биринчи багыт боюнча, кыйынчылык болгон жок. Анткени биз 2019-2020- окуу жылында EduPage- электрондук журнал программасын окуу процессибизге киргизип, эксперимент жүргүзүп жатканбыз. EduPage эч кандай кошумча техникалык каражатты, шартты талап кылбаган, WhatsApp- сыяктуу эле программа болгондуктан, аралыктан окутуу башталышы менен тапшырмалар жана кайтарым байланыш системалуу түрдө жүрүп, үзгүлтүк болгон жок. Экинчи талап- мугалим менен окуучунун ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү, бул багытта бир аз кыйынчылыктар болду, акырында аны ватсап группа аркылуу чечтик. Ар бир класс жетекчи, классынын WhatsApp- группаларын түзүп, группаларга сабак берген мугалимдерди да кошту. Мисалы: “7-б класс, алгебра-геометрия”- группасы деп эки сабактан бир группа түзүлүп, группада окуучулар, класс жетекчи жана предметтик мугалим гана болот. Үчүнчү талап- аралыктан тарбиялоо иштерине ата-энелерди түздөн түз катыштырууга жетишүү. Бул багытта көп жылдардан бери новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасын колдонуп, ата-энелер менен тыгыз иш жүргүзүп келген тажрыйбабызга таяндык. Ошондой эле кээ бир маселени чечүүдө, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү аркылуу да иш жүргүзүп келебиз»,- дейт Базаргүл Рустамова.
Аралыктан окутуу шартында гимназиянын өнүгүүсүнүн үч багытын иштеп чыктык:
1-багыт: Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, программаларды жана каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу- бул багыт боюнча педагогика багытында илим изилдеп жаткан мугалимдерибиз иш жүргүзүүдө.
2-багыт: аралыктан өтүлүп жаткан сабактардын жүрүүсүн көзөмөлдөө, натыйжасын анализдөө жана билим сапатын жогорулатуу боюнча жаны сунуштарды иштеп чыгуу- бул боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, предметтик мугалимдер иш жүргүзүүдө.
3-багыт: «окуучулардын моралдык-психологиялык абалына көз салып туруу, тарбиялык иштерди жүргүзүү, кыйналган окуучуларга жана ата-энерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү- бул багытта соц. педагог жана класс жетекчилер иш жүргүзүүдө»- деп гимназиянын директору Базаргүл Рустамова тажрыйба бөлүштү.
«Педагогика» багытында аспирантурада окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди:
“Жалпы орто билим-берүүнүн педагогикалык тажрыйбасында буга чейин аралыктан окутуу ыкмасы колдонулбагандыктан, биздин гимназиябызда мугалимдердин билимине, тажрыйбасына таянып, кыска убакыттын ичинде, аралыктан окутуунун айыл шартына ынгайланышкан, жөнөкөй, эң негизгиси бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон ыкмаларын иштеп чыгып бир эле учурда эксперимент кылып, бир эле учурда иш жүзүнө ашырып жатабыз.
Коомдо кандай гана өзгөрүү болбосун, ал биринчи кезекте мугалимдер үчүн сыноо болот. Азыркы шартта да мугалимдер үчүн чон сыноо болууда. Мен өзүм педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметовдун “Билим берүүнү демократиялаштыруу” боюнча илимий эмгектерин жана педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” эскперименталдык тажрыйбадан өткөн эмгектерин негиз кылып, Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, компьютердик программаларды жана окутуудагы техникалык каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу боюнча, профессор Жангороз Каниметовдун илимий жетекчилиги менен жана Гапыр Мадаминовдун жетекчилиги менен иш жүргүзүп жатамын”- дейт Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Айзада Эркинова