Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясы 2019-2020 окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууну улантат.
Бул боюнча аталган окуу жайынын директору Базаргүл Рустамова:
«Окуучуларды 1-класска кабыл алуу 10-августтан 30-августка чейин жүрөт. Кабыл алууну педагогикалык комиссия аңгемелешүү аркылуу өткөрөт. Сүлүктү шаары боюнча бардык ата-энелер балдарын алып келип, катыша алат,»- деп маалымат берди. Окурмандарыбыз үчүн гимназиянын жетишкендиктерин таблица түрүндө беребиз:
Белгилей кетсек, быйыл гимназияны Эркинова Айзада 223 балл менен бүтүрүп, Алтын сертификатка ээ болсо, Калмурзаева Бактыгүл 206 балл алган. Жалпысынан 14 окуучу бүтүрүп, бардыгы негизги тесттен дагы, кошумча тесттерден дагы босого баллынан жогору баллга жетишкен
Даярдаган: Канайым Абдигапарова