Сүлүктү шаары боюнча терең билим берүү очогу болгон гимназиянын лабораторияларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жакындан жардам бермей болду.

Бул маалымат Облус башчысы Акрам Камбаралиевдин Сүлүктү шаарына иш сапары менен келген учурунда маалым болду. «Гимназиябыз математика, кыргыз тили жана тарых сыяктуу предметтерден облустук, республикалык денгээлге чыгып байгелүү орундарды системалуу түрдө алып келе жатат. Бирок лабораториялык база жок болгондуктан чоң ийгиликтерди жаратууда кыйынчылык жаралууда. Маселени чечүү үчүн облус башчыбызга кайрылсак жакындан жардам берүүгө убада берди,»- дейт мугалим Бакытбек Сапаркулов.
«Биздин гимназиябызга облус жетекчисинин рангыдагы башчылардан биринчи жолу Мадумаров Акрам Камбаралиевич иш сапары менен келип отурат. Эмгек жолун билим берүү тармагына көңүл бөлүп, агартуу майданына көтөрүү менен иш баштаган облус жетекчибизден чындыгында көптү үмүт кылып калдым,»- дейт гимназиянын эмгек сиңирген мугалими Молдоканова Ракыя.
Даярдаган: Айзада Эркинова