Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында 11-класста окуп жаткан Нургүл Халжигитова менен Кызжибек Саматовалар «НОВА» билим берүү мекемесинде окуп, тажрыйба арттырып келгенден кийин мастер-класс өтүп берди. Бул иш чарада жалпы Сүлүктү шаары боюнча мектептерден бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын ичинен тандалып алынган окуучулар жана аларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган мугалимдери болуп 36 катышуучу пайдалуу маалымат алды.
Белгилей кетсек, Нургүл Халжигитова биологиядан облустук олимпиаданын, математикадан Эл аралык олимпиаданын катышуучусу, Саматова Кызжибек математикадан Эл аралык олимпиадада гран-прини утуп алган чыгаан окуучулар. Жыйынды ачып, баштап берген, гимназиянын директору Базаргүл Рустамова «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исмановдун демилгеси менен шаар боюнча тандалып алынган окуучулар үчүн мастер-класстарды баштап жатабыз. Мындай окууларды жыл бою, системалуу өткөрүп турабыз»,- деп маалымат берди. Окуу соңунда №7-орто мектебинин 11-классынын окуучусу Асель Исабаева: «Биз үчүн өтө пайдалуу болду, мүмкүн болсо ар жума сайын өтүп бериңиздер» деп сунуш берди. Мастер-класстын эң активдүү катышуучусу деп 7-а классынын гимназисти Айдаралиева Максатай табылды.
«Алгачкы жолу шаардык деңгээлде мастер-класс өтүп жатабыз, ошондуктан бизди акыл эмгегинин маданияты сабагы боюнча мугалимибиз Бакыт Сапаркулов координациялап турду, катышуучулар активдүү катышты»,- дейт Нургүл Халжигитова.
Даярдаган: Барчиной Алимова