
Сүлүктү шаары боюнча өспүрүмдөр арасында күрөштүн греко-рим түрү боюнча шаардык мелдеш өттү.
Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы балдардын спорт мектебинин директору Нурулла Исабаев: «Мелдешке Сүлүктү шаары боюнча 100 жакын бала катышып, күч сынашты. Белгилей кетсем, акыркы учурда машыгуучу балдарыбыз жакшы жыйынтык берүүдө. Мелдешке шаардык мэрия жана жеке ишкерлер колдоо көрсөттү», — деп маалымат берди.

«Өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусу артып жатат. Машыгуу учурунда дене-тарбиясы менен бир катарда балдардын руханий тарбиясы экендигине да басым жасайбыз. Буюрса облустук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып байгелүү орундарды көбөйтөбүз»,- дейт машыктыруучу Айбек Жаныбеков.

Белгилей кетсек, греко-рим күрөшү боюнча Сүлүктү шаардык балдардын спорт мектебинин тренери Айбек Жаныбековдун жетекчилигинде машыккан балдар республикалык мелдештерде байгелүү орундарды жеңип келген.

Даярдаган: Барчынай Алимова