Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов бул фильмде да башкы режиссёр болот.
Айта кетсек, Самат Садыков Лейлек районунда туулуп, Сүлүктү аскер комиссариаты аркылуу Улуу Ата мекендик Согушта баатырдык көрсөтүп, курман болгон. Фильм боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү, белгилүү коомдук ишмер Сайрагүл Дуулатова: «Урматтуу туугандар! Лейлек- Сүлүктү жергесинин эл-журту бизге кайрылып, биз эл- журтка кайрылып, жакшы бир иш баштадык эле. Бул жакшы ишибиз Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбыздын элесине арнап, «Самат Садыков» даректүү фильмин тартуу эле. Элдин суранычы менен бул фильмге Алим Токторов режиссерлук кылып жатат. Буюрса Москвага барып, керектүү даректүү кадрларды көчүрүп да келди. Дагы да алдыда көп иш бар. Андыктан кагылайын жердештерим, ар бириңиздердин салымыңыздар керек болуп турат. Бул демилге менен ар бирибиз ата-бабабыздын эрдик элестерин түбөлүк калтыраар элек. Жакшы иштин башына, жакшы келет кашына. Келиңиздер, биз Сиздерди фильм тартууну колдоо марафонунан күтөбүз»- деп маалымат берди.
Классташтар, достор, туугандар, айылдаштар болуп уюшалы, бири бирибизге айталы, соцтармактардан бул маалыматты — Чакырууну тараталы…
Туулган жерим Лейлегим,
Сүлүктү көмүр кен-жерим.
Эрдигин Самат унутпайт,
Уул-кызың кымбат эл-жериң!
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов