23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги «Китеп майрамы» белгиленди.
Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөргө күбө болушту. Аталган мектептин директору Бактыгүл Сабурова:
«Билим дүйнөсүндөгү ийгиликке жетүүнүн ачкычы-китеп деген ураан менен иш алып барабыз. Биздин мектепте окуучулардын адабий китептерди окугандыгы боюнча атайын журналдар түзүлгөн. Учурда окуучуларыбыздын көпчүлүгүн китептин кереметтүү дүйнөсүнө тарта алдык,»- деп маек берди.
Иш чаранын уюштуруучусу, И. Раззаков атындагы №7-орто мектебинин китепканачысы Саоват Маатмуратова:
«Сүлүктү боюнча жаш китеп сүйүүчүлөрдүн саны күндөн-күнгө артып жатканы, жаштарыбыздан келечекте көптү үмүттөндүрөт,»- деп оюн билдирди.
Иш чаранын соңунда эң мыкты окурмандарга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Кабарчы: Айзада Эркинова