Кыргыз Республикасы боюнча аймактарда «Келгиле окуйбуз» долбоору реализацияланып, пилоттук мектептердин мугалимдери атайын даярдыктан өтүүдө. Долбоор алкагында атайын билим алган, Сүлүктүдөгү №9-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими, билим берүүнүн Отличниги Диларам Абдурупова бүгүн 21-апрелде аталган окуу жайда алган билимин иш жүзүнө ашырып, сынак ыкмасы менен сабак өтүп берди. Сабакка №9-гимназиянын 3- а жана 3-б класстарынын энелери катышып, балдарына үйдөн кандай камкордук көрүп жаткандыгы боюнча тажрыйбаларын бөлүштү. Сабактын жүрүшү боюнча мугалимдер Чынара Халова жана Бакытбек Сапаркуловдор «Келгиле окуйбуз» долбоорунун программасы бүгүнкү күндө жалпы республикалык тестирлөөгө балдарды даярдоо программасы менен дал келгендиктен учур талабы экенин маалымдап, Диларам Абдурупова жогорку деңгээлде сабак өткөндүгү боюнча анализ беришти. (сабак учурунан көрүнүш: биргеликте окуйбуз долбоорунун Республикалык кароосунун жеңүүчүсү, 3-класстын гимназисти- Раяна Джумагулова)
Сабакты гимназиянын директору Базаргүл Рустамова жыйынтыктап жатып, «Келгиле окуйбуз» программасы гимназиянын башталгыч класстары үчүн жайылтылаарын катуу көзөмөл кылып, бардык шартты түзүп берерин маалымдады. Ошондой эле эң мыкты катышкан энелерди грамота менен сыйлады. Жыйынга катышкан бардык энелер, гимназиянын жамаатына жана Диларам Абдуруповага бир ооздон терең ыраазычылыгын билдиргендирүү менен сабак максатына жетти деп пикир беришти.
Кабарчы: Айзада Эркинова