Талас шаарынын тургундары суу түтүктөрү орнотулгандан кийин жолдордун кайра калыбына келтирүү абалына нааразы болууда. Себеби казылган жолдор кайрадан калыбына келтирилген жок. Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсү менен Маяковский көчөлөрүндө жүрүп жаткан суу түтүктөрүн орнотуу иши 9-майга чейин аяктоосу зарыл.
Суу түтүктөрүн орнотуу боюнча бригаданын кызматкери Азизбек Таласбек уулунун айтымында, бул суу түтүктөрүнун орнотулушу 9-майга чейин бүтүрүлүүсү зарыл.
“Курулуштун башталганына бир жума болду, ал эми жолдун толук асфальттап бутурулушу июнь, июль айларында аяктайт”, — деп билдирди Азизбек Таласбек уулу.
Талас шаарынын тургундары бул суу түтүктөрүн орноткондон кийинки абалга өтө нааразы жана бул тууралу Талас шаарынын тургуну Дүйшеев Жолчу да бул сөздөрдү белгилеп кетти:
“Бул суу түтүктөрүн орноткону жакшы, бирок жолдорду казып кеткенден кийин кайра калыбына келтирилбейт. Ал эми казылган жерлерге топурак төшөгөндөн кийин, жер чөгүп, машиналардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан иш аягына жеткенден кийин жолдорду кайра түздөп коюшса жакшы болмок”,- деп билдирди.
Бул сөздөргө дагы Таластын тургуну Мээрим кошулуп жана өзүнүн жеке ойлорунда, мындан бир-эки жыл мурун жолдорду асфальттоо иши аяктаганын жана азыркы учурда кайрадан ал жолдорду кесип суу түтүктөрүн орноткону менен жолдор калыбына келтирилбей калып жаткандыгын кошумчалады:
“Менин жеке оюм боюнча биринчи суу түтүктөрун орноштуруп, андан кийин асфальт төшөсө болмок. Себеби бизге жолдордо жүрүүгө абдан чоң тоскоолдук жаратып жатат. Ал эми ГОВД жактагы көчөлөрдө 2017-жылы ушунтип суу түтүктөрүн орнотуп, эч кандай түздөтүлбөй жана үстүнөн асфальт төшөлгөн эмес. Азыркы убакта ал жердеги көчөлөр чөгүп, машина өтүүгө мүмкүн болбой жатат жана азыркы казылып жаткан көчөлөр дагы ушундай абалда калабы деген ойдомун”, — дейт Мээрим.
Даярдагандар: Толгонай Тимурова жана Бегимай Темирбекова