Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш адистер
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жаш адистер үчүн микротренинг өткөрүлдү.
Иш чаранын катышуучулары фандрайзингдин негиздери жөнүндө, ошондой эле конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн финансылык донорлорду тартуу боюнча планды иштеп чыгуу көндүмдөрүн калыптандыруу, социалдык долбоорлор менен иш алып баруу боюнча маалымдуулугун жогорулатты.
Топтор менен иштөө учурунда
“Сүлүктү шаары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү жана маданият тармагынын жаш адистери катышкан тренинг өтө пайдалуу жана өз учурунда болду. Анкени Сүлүктү шаары CASA-1000 долбоору камтыган аймаккка киргендигине байланыштуу, жакын арада ошол долбоордун жана Ага Хан фондунун колдоосу менен бир топ социалдык-инфраструктуралык жана чакан бизнести колдоо боюнча долбоорлор иш жүзүнө ашмакчы болуп жатат. Сүлүктү шаарындагы балдардын чыгармачылык борбору дагы, имаратыбыздын жылытуу системасын капиталдык ремонттоо боюнча долбоор даярдап жатабыз. Микротренингде алган билимибиз пайдалуу болуп жатат”- дейт балдардын чыгармачылык борборунун директору Сапаргул Казакбаева.
Сапаргүл Казакбаева- балдар чыгармачылык борборунун директору
“Учурда жаш адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Аларга социалдык долбоорлор менен иштөө, өзүңүн идеясын фандрайзингдин жардамы менен кантип ишке ашыруу жөнүндө микротренингдер өткөрүлуп жатат. Жаштардын потенциалын жогорулатуу боюнча тренингдерди колдоп берип жаткан Ханнс Зайдель фондуна ыраазычылык билдиремин. Мен өзүм жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда эмгектенген жаштардын көпчүлүгү Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясында билимибизди жогорулатканбыз”- дейт Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов.
Активдүү катышуучулар
“Микротренингдин максаты: катышуучуларда фандрайзингдин негиздери жөнүндө, ошондой эле конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн финансылык донорлорду тартуу боюнча планды иштеп чыгуу көндүмдөрүн калыптандыруу эле. Ошондой эле практикалык көндүмдөргө ээ болгон катышуучулар өзүңүн идеяларын ишке ашыра алат. Микротренинг Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Тренинг учурунда бардык катышуучулар активдүү катышты. Катышуучулар тарабынан келечекте “Социалдык ишкердүүлүк”-темасында микротренинг өтүү боюнча сунуш түштү”-дейт тренингди уюштуруп өткөргөн, Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркулов.
Микротренингди уюштуруп өткөргөн Бакытбек Сапаркулов
Даярдаган Адылбек кызы Жаркынай