Коомдо байкалып жаткан экономикалык кыйынчылыктарга карабай, мамлекетти жана жергиликтүү бийликти карап отурбастан, жергиликтүү тургундар социалдык-инфраструктуралык маселелерин өздөрү чече баштады. Көйгөйлөрдү эл өзү уюшкандыкта чечүү жагынан быйылкы жылы да алгылыктуу иштер башталды.

Сүлукту шаарынын Кошбулак аймактык башкармалыгынын С. Султанов көчөсүнүн тургундары да айылдын авто унаа жолдорун өздөрүнүн каражаты менен ондоп баштады. «Азыргынча негизги эле жерлерин баштадык. Аба ырайынын божомолуна караганда 20-майдан кийин жаан чачын токтойт экен, ошондон баштап айыл ичиндеги жолдорду толугу менен ондоп түздөйбүз»- дейт айыл тургуну Б. Сапаркулов. «Биздин айылдын жаштары өтө ынтымак, кандай гана көйгөй болсо дароо уюшула калат. Бүгүн да Досов Гайназар баш болуп, жаштарыбыз грейдер чакырып иш баштады. Калган жерлерин кол күрөк менен тегиздеп жатабыз»- дейт аталган аймактын коомдук өзүн өзү башкаруусунун башчысы С. Пирманов.

«2019-жылы АРИС порграммасы менен айылыбызга жаңы суу түтүктөрүн орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери журуп, жолдорубуз казылып, полипропилен суу түтүктөрү жаткырылган боюнча жумуш токтоп калган. Кышында калыңдыгы жарым метрге чейин кар жаап, жаз мезгили да жаанчыл болуп, жолдорубуздун бузулуусуна себеп болду. Кээ бир жолдордо жөө кишилер да жүрө албай калдык. Акырында айыл тургундары өзүбүз аракет кылып, мына ондоп баштадык. Бул ишибиз аз болсо да мамлекетибизге жардам болсун деп жакшы ниетте аткарып жатабыз. Азыркы кырдаалда ишканалар иштебей мамлекетибиз кыйналып турганда ар бир айыл социалдык-инфраструктуралык маселесин аз бөлүгүн болсо да өздөрү чечсе, көп түкүрсө көл болот дегендей, мамлекетибизге жардам болот эле»-дейт айыл тургуну Дастан Мурзалиев

Барчынай Алимова