Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы сүлүктүлүктөрдү Орозо Айт менен куттуктап, учурдагы кырдаалга байланыштуу элди сабырдуулукка чакырды.
«Урматтуу Сүлүктүлүктөр! Мусулман бир туугандар.
Бардыгыңыздарды ыйык айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою Рамазан айында элибиз келечекке ниет кылып, жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган. Орозо Айт күндөрү 150 жылдан ашык тарыхы бар кенчилердин шаарынын басып өткөн жолуна саресеп салсак, Сүлүктүнүн эли Биринчи дүйнөлүк согушта Австрия, Венгрия жана башка европа мамлекеттеринен көмүр кенине иштегени келген согуш туткундарына, Падышалык Россиядан сүргүнгө келген славян улутундагыларга баш паанек болгон, Казакстанда 1931-1932-жылдагы түшүмсүздүктөн улам ачкачылыкка кабылгандардын арасынан 500 ашуун казакстандык үй-бүлөлөрдү бооруна батырган болсо Улуу Ата Мекендик согуш мезгилдеринде көчүрмө болуп келген чечен, күрд жана башка элдер менен жеген нанын тең бөлүшүп, 18 ашык улуттун өкүлдөрүнөн турган, ынтымактуу, эмгекчил эли менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Орто Азиянын кочегары аталган.

Жогоруда бир жарым кылым ичиндеги сүлүктүлүктөрдүн бийик адамдык сапаттарын эске алуу менен COVID-19 илдети дүйнө жүзүнө, анан ичинен Кыргызстанга да жайылып, элибизде көйгөй жаралып жаткан мезгилде, дагы бир ирет Сүлүктүлүктөрдүн боорукердигин, сабырдуулугун, бийик Инсандык сапаттарын темирдей бекем эрки менен чыдамдуулугун көрсөтүп, бул көйгөйдү чечүүдө да келечек муундарыбызга үлгү болууга чакырамын.

Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин! Айтыңар маарек болсун!
Терең урматтоо менен Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов».
Бакытбек Сапаркулов