Нарын районуна караштуу Оттук, Казан-Куйган айыл аймагындагы Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары атайын окуудан өтүштү. Бул окууда алар видео жана фото материалдарды даярдоо боюнча тажрыйба топтой алышты. Алар Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жана Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин студиялары менен жакындан таанышышты. Мындан сырткары ыктыярчыларга Бишкек шаарындагы музейлерге, парктарга саякат уюштурулду.
Акылай Алмазбекова