19-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Улуу элдин уюткусу-улуттук нарк» аталышында облустук семинар болуп өттү. Аталган иш-чарага Нарын, Жумгал, Ак- Талаа, Ат- Башы жана Кочкор районунун мектеп жетекчилери, мугалимдери катышты.
Семинарга келген меймандарды нан менен тосуп алуу учуру
Иш-чараны Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев, мектеп директору Болот Бообек уулу жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Астра Асаналиева ачып беришти
Андан соң мектеп жетекчиси семинардын катышуучуларын иш-чара өтүүчү жерге коштоп жөнөдү
Семинардын биринчи бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу менен башталды
«Ак кеме» чыгармасынан көрүнүш
«Жамиля» чыгармасы
Танабайдын образында дене тарбия мугалими Эрмек Конокбаев
«Биринчи мугалим» повести
«Кыямат» романынан үзүндү
«Эрте келген турналар» чыгармасынан Мырзагүлдүн образы
Кийинки көрүнүш кыргыз элинин улуттук нандарын жасоо боюнча мастер класс
10-класстын окуучулары бадырак кууруп, боорсок жасашты
Семинардын кийинки бөлүгү этнопаркта уланып, тарых мугалими Болот Бообек уулу ачык асман алдындагы музей менен тааныштырды
Коноктор улуттук тамак-аштардан даам сызышты
11-класстын окуучулары улут аралык маданияттан орус элинин частушкаларын аткарып беришти
Этнопарктагы иш-чара эркин форматта өтүп, семинардын катышуучулары өз ара баарлашып жатышты
Технология сабагынын мугалим Жылдыз Сатыбалдиеванын кол эмгегинен жасалган буюмдар
Ыр-бий ийриминин катышуучуларынын аткаруусунда элдик ыр «Шырылдаң»
Кыргыз элинин улуттук кийимдерин Азима Шакирова презентация кылууда
Семинардын үчүнчү бөлүгүндө ачык сабактар өтүлдү
8-класстын окуучулары «Баланы бешикке салуу» салтын көрсөтүп беришти
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев семинарды жыйынтыктап, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи
Катышкан мугалимдер да жакшы ой-пикирлерин айтышты
Бакыт Кожокматов
1 099