Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында пандемия учурунда айыл элинин демилгеси менен каражат топтолуп керектүү дары-дармектер сатылып алынды.
Төмөнкү сүрөтбаянда, аталган айыл өкмөттө карантинде кандай иш-чаралар уюштурулгандыгы тууралуу тааныша аласыздар.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы- Тилек Турдубеков:» Пандемия учурунда жалпысынан 374 миң 725 сом чогулду. Айыл эли 170 миң чогултса, 204 миң сомду Бишкек шаарында жана Россияда иштеген айылдын жарандары чогултушту».
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты каражат чогултушуп, муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш таратышты.
Коопсуздук үчүн айылдын кире беришинде блокпост орнотулду
Блокпостто айылдын жаштары кезеги менен нөөмөттө
Айыл элинен чогулган каражатка дары-дармектер алынып келди
Россияда иштеген айыл жаштарынан концентрат келди
Айыл эли үчүн ийне саюучу атайын бөлмө ачылды
Дары-дармектер толугу менен ФАПка өткөрүлүп берилди
Дары-дармек жана концентратты айылга жеткирүүдө ыктыярчылар активдүүлүгүн көрсөтүштү
Бакыт Кожокматов