Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектеби «Ага-Хан» фонду менен ар дайым иш алып барып келет. Долбоордун алкагында мугалимдер көптөгөн билимдерге ээ болуп, тажрыйбаларын окуучулар менен бөлүшүшөт
Аталган мектепте «Мектептер — 2030» долбоору 2020-2021 — окуу жылынан бери иш алып барып келет. Долбоордун максаты мектептеги 10 жаш жана 15 жаштагы окуучуларга ийримдик сабактарды өтүү. Башталгыч класстын окуучулары үчүн 4- класстын мугалимдери Эркебүбү Асанбекова, Рима Базарбаева жана 9 — класстын окуучулары үчүн математика мугалими Аида Жумабаева жана биология мугалими Самара Жалынбай кызы ийримдик сабактарды сентябрь айынан бери өтүп келишет.
Эркебүбү Асанбекова жана Рима Базарбаева окуучулар менен бирге туздардын составын текшерүүдө
Аида Жумабаева жана Самара Жалынбай кызы 9 — класстын окуучулары менен коктейл жасоо учуру
Жыл боюу 16 сабак башталгыч класстар үчүн, 16 сабак 9 класстын окуучулары үчүн ийримдик сабактар өтүлөт.
Быйылкы окуу жылында чет тилинен (англис тили)да ийримдик сабактар өтүлүп, ага да 4 — класстын жана 9 — класстын окуучулары тартылууда.
Сабактар кызыктуу жана пайдалуу өтүү үчүн «Агахан» фонду материалдык базасын чыңдоого дайыма салымын кошуп келет
сабактын видео версиясы:https://www.instagram.com/p/DGQGUCTyPE1/
Айзат Түмөнбаева