Нарын облустук «Илим+ Ойлоп Табуу=Техника» аттуу мектеп окуучуларынын жумалыгы өттү. Ага облус боюнча 22 мектеп катышты.Бул жумалык Нарын шаарында 14 — февралда Э.Ибраев атындагыорто мектебиндеги «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик техникалык академиясынын Нарын облусундагы филиалында өткөрүлдү.
Ойлоп табуучулардын жумалыгы «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик техникалык академиясы К.Р Билим берүү жана илим министрлигинин 2022 — жылдын 13-январындагы №19/1 «Мектеп окуучуларынын илим техника жана өндүрүш» жумалыгынын өткөрүү буйругуна ылайык өткөрүп келет.
Аталган жумалыкка А.Аралбаев мектебинен физика мугалими Солтобек кызы Жайнагүл 9-класстын окуучулары Адил Шарипов, Рамазан Бейшенов жана 7 — класстын окуучулары Ислам Бейшенбеков, Калназир Калкожоев барып катышып, 2 — орунду багындырып март айында өтүүчү этапка жолдомо утуп алышты.
Бул жумалыкка жылыга физика мугалимдери берилген жобонун негизинде даярданып, мектептеги илимге техникага кызыккан окуучуларга жол ачып келишет
https://www.instagram.com/reel/DGR9cNzNCHv/?igsh=emN2OWpydnJraGw2