21-февраль бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Токтобүбү Эгемназарова тарабынан уюштурулган орус тилинде китеп конкурсу болуп өттү. Конкурска Кулатов айылындагы 13 мектептин арасынан 12 мектеп катышты.
ЖыйынтыгындаГран — При Баглан орто мектеби.
1-орунду Абшыр-Ата толук эмес орто мектеби.
2- орунду Т.Айбашев атындагы орто мектеби.
3-орунду К. Надиров атындагы орто мектеби.
4-орунду Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеби камсыз кылды.
Конкурс учурунда
Конкурс учурунда
Т. Кулатов айыл аймагындагы Баглан орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Токтобүбү Эгемназарова:
Токтобүбү Эгемназарова
«Бүгүнкү конкурсту уюштурганымдын негизги максаты Кулатов айылынын окуучуларын достукка, ынтымакка, билим деңгээлин тереңдетүүгө жана орус тилин канчалык деңгээлде сүйлөй алышын билүү үчүн уюштурдум.
Конкурсту 175 беттен турган «Волшебник изумрудного города» аталышындагы китеп боюнча өткөрдүк. Китеп боюнча бир канча суроолор түзүлдү. Окуучулар эң жогорку деңгээлде даярданып келишиптир, түзүлгөн суроолорго так даана жооп берип жатышты.
Бул конкурсту биринчи өзүбүздүн мектепте өткөрүп, жакшы жыйынтыктарды көргөндөн кийин, мектептер арасында өткөрүүнү туура көрдүк. Бүгүнкү конкурска айыл өкмөт тарабынан колдоо катары 10 миң сом акча каражат бөлүнүп, окуучуларга белектер алынды. Учурдан пайдаланып айыл өкмөт башчыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем, жаштарыбызды колдоп бизге шарт түзүп берип жатат.»- деп билдирди.
Сыйлык тапшыруу учурунда
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин окуучусу Айдай Келдибекова:
«Бүгүнкү конкурс эң жогорку деңгээлде болуп өттү. Көптөн бери мындай конкурстар болбой калган эле, бүгүн Токтобүбү эжеке сонун кылып конкурс өткөрүп берди. Токтобүбү эжекеге терең ыраазычылыгымды билдирем. Бизди китепке болгон сүйүүбүздү, кызыгуубузду арттырганы үчүн. Мен ойлойм бул башталышы деп. Конкурста биз 2-орунду камсыз кылдык, кийинки таймаштарда жакшы аракет кылып 1-орунду багындырабыз.»- деп билдирди.
Сыйлык тапшыруу учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева