Чолпондун Маданият үйүндө Сагын Эргешовдун » Кыз издейбиз» аттуу концертти болуп өттү. Аны менен куудул Кубан Алимов да келди.
Эстрада ырчысы Сагын Эргешов:
«Саламатсыздарбы, урматтуу Чолпон медиа борбору. Биз 13-февралдан бери Кыргызстандын ар бир аймагында концертибизди коюп келе жатабыз. Ал эми бүгүн Чолпон айылына келдик. Жалпысынан алганда 200 концертке жакындап калды. Буюрса Кыргызстандын 7 облусун кыдырабыз деген максатыбыз ишке ашып келе жатат. Нарын облусунан кийинки сапарыбыз Ысык-Көл жергесинин Балыкчы шаарында башталмакчы . Андан соң Чүй облусунда жана ошону менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен стадионундагы концерттерибиз башталат. Күйөрмандардын колдоосу менин купулума абдан толду. Айрыкча Чолпон айылынын тургундарына ыраазымын. Алардын колдоосу, талантты таптай билгендиги жакты. Ошондой эле бул жерде чыгармачыл инсандар көп экенин баса белгилеп айткым келет. Чолпон айылына тек гана ийгиликтерди каалайм. Бүгүнкү концерт максатына жеткенин же жетпегенин эл тараза, эл сынчы демекчи эл таразалап баалашат. Биз болсо колубуздан келишинче элдин маанайын көтөрүүгө аракет кылдык. Концертти өз демилгебиз менен, андан сырткары «Келечек турак-жай» компаниясы менен биргеликте уюштуруп жатабыз».
Куудул Кубан Алимовда өз оюн билдире кетти: «Чолпон айылына келүүгө эч ким сунуш кылган жок. Биз Россия мамлекетинин, Кыргызстандын бардык жерлерине барып концерт коюп келе жатабыз. Күйөрмандар бизди колдогондору абдан жакты. Алардын колдоосу кыргыз элинин маданиятынын өнүгүп алдыга чыгуусунун бирден-бир белгиси».
«Мен Чолпон айылынын тургуну Рахманкулова Нүргүл. Ырчы Сагын Эргешовдун концертине бардым. Келечек лотереясына катышып сертификат утуп алдым. Бул сертификатты алгандан кийин үй же машина сатып алууда 10% арзандатуу болот экен. Андан соң жалпы элдин арасынан оюн ойноткондо дагы бир сертификаттын ээси болдум».
Кусейин Марат уулу