Күн сайын короновирус илдетине же пневмония оорусуна чалдыккан жаңы учурлар катталып жатканына карабай, жашоо тиричилик кадимкисиндей уланып, коомчулукта спорттук оюндарды уюштуруу жанданды. Тайган агытып, куш салгандардын башын бириктирген таластык “Салбуруун” коомунун мүчөлөрү бул ирээт Бакай-Атада тайган агытуу мелдешин уюштурушту.
Жайында, күзүндө үй олтуруп бууругуп калган мүнүшкерлер, тайганчылар салбуурунга кызуу катышып, 100дөн ашуун тайганчылар тайгандарын агытып, алдыга чыккандар байгеге ээ болду.
Күлүк тайгандар мелдешинен Марат Алчынбаевдин “Тапан” аттуу тайганы баш байгени жеңип алды.
Биринен бири өткөн күлүк тайгандарды бапестеп баккан тайганчылар ортосунда кызуу таймаш жүрүп, тапка келген тайгандар жарышка чыгышты.
Салбуурунда тайганчылар тайгандардын күлүктүгүнө гана эмес, таза багылгандыгына, көрктүүлүгүнө да баа беришти. Мында Талас районунун Козучак айылынын тургуну Турат Исаевдин “Көксулуу” деген эки жашаар канчык тайганы 1-орунда ээ болду.
Таластык тайганчылардын бул жолку салбуурун мелдешине алыскы Новосибирскиде жашаган кыргыздар демөөрчүлүк көрсөтүштү, салбуурунчулар оюндун жүрүшүн жеринде видеого тартып, WhatsApp аркылуу Новосибирскиде жашаган жердештерге жөнөтүштү.
Кийинки салбуурун оюну 2021-жылы февраль айында өтө турган болду.
Талас: “Ак калпактагылардын” арыз-арманы
Мира Сейдикеримова