Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында “Салбуурун” оюну өткөрүлдү. Оюнга жети облустан катышуучулар келген. Элүүгө жакын адам тайгандары менен келип, оюнду көргөнү 200дөн ашуун адам чогулган.
Терек-Суу айылынын тургуну салбуурунчу Бузурманкул Садыков бул оюнду быйыл 3-ирет өткөрүп жатышканын айтат. Ал бул жолу “Мыкты уюштуруучу” ардак громатасы менен сыйланды. Тайган салуу өнөрү атасынан бери келе жатканын айтып, бул оюн жагарын кошумчалады. “Салбуурун ата-бабалардан калган оюн. Оюнду жаш балдарга үйрөтүп, улантуу максатында уюштурулду. Ага Оштон, Нарындан, Таластан келишти. Өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүп, каржыланып жатат”, — дейт Бузурманкул Сыдыков.
Салбуурун оюнунун уюштуруучусу “Жети-Дубан Салбуурун” федерациясынын биринчи вице президенти Нурланбек Шамыканов бала кезинен тайган багуу менен алектенет. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук спорт түрү менен машыгат:
“Нарын облусунан келип оюнга катышып жатам. Бала кезимен баштап эле тайган багуу менен алектенип келем, 20 жылдан ашуун убакыт болду. Салбуурун федерациясын 2019-жылы түздүк. Кийинки эстафетаны Нарын же Ош облусуна беребиз. Катышуучуларга оюндун түрлөрүнө жараша акчалай диплом, грамота, кубок байгелери бар”, — дейт Нурланбек Шамыканов.
Нарын облусунан келген катышуучу Нуражар Муслинова 9 жашынан бери машыгып, тайган багат. Ал бул өнөргө атасын көрүп кызыгып келип калган. Азыр алардын үйдө 6 тайганы бар. Тайгандарды сатып алып, кичинесин чоңойтот. Келечекте кыргыз тайганын даңазалагысы келерин айтат.
“Салбуурунга катышканыма 5 жыл болду. 9 жашымдан бери кызыгып, тайганды багам. Бул оюнду ойноо мен үчүн өзүнчө азарт. Салбуурунда тайгандын күлүктүгүн, жүрөктүүлүгүн, сапаттуулугун текшерүү үчүн ойнолот. Жети облусту кошуп өткөргөндө бир жылда эки, үч жолу болот. Азыркы кезекти Токтогул шаарына берди кийинки кезекти Жумгалга же Ошко берет”.
Салбуурунчулар жети облустан таза тайган баккан федерациясын түптөө аракетин көрүп жатышат. Алар кыргыздын нукура тайгандарын багууга жана көбөйтүүгө аны аргындаштырып өстүрүүгө салым кошкулары келет.
Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Асема Таалайбекова