Нарын районундагы Учкун айылынын тарых сабагы боюнча мугалим, тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков «Санарип мугалим» Республикалык сынагынан 3-орунга ээ болду.
«Санарип мугалим» сынагы 2019-жылдын ноябрь айынын орто ченинде башталган. Ага республика боюнча мугалимдер катышып, түрдүү тапшырмаларды аткарышкан.
«Сынактын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем. Бул сынактын аркасында көп жемиштер болду», — деп белгилейт сынактын 3-орунун багындырган Нурсултан Асанбеков.
Бул сынактын эң негизги максаты мугалимдерге колдоо көрсөтүү, технологиянын ыкмаларды үйрөнүү жана санариптүү Кыргызстанды курууга салым кошуу болуп эсептелет.
«Сынак 6 айга созулду. Ошол аралыкта ар түрдүү китептерди окуп, семинарларга катыштык. Меда сабаттуулук, технологиялар боюнча жаңы жөндөмдөгө ээ болдук», — деп билдирди Асанбеков.
Жаңы технологияларды пайдалануу, Медиа сабаттуулук, үй-бүлөөлүк баалуулуктарды бекемдөө, китеп окуу маданиятын жайылтуу жана ата-энелер мектебин жандантыруу сынактын негизги багыты болгон.
Сынак «Санарип академиясы» тарабынан каржыланып, Республикалык баскычта байгелүү орундарга ээ болгондорго кызыктуруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырлды.
Гүлзар Казиева