Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө Көк-Бел айылдык оорукананын терапия бөлүмү ачылды. Оорукананын имараты 1989-жылы терапия болуп ишке кирип, 2000-жылы төрөт үйү болуп өзгөрүлгөн. Төрөт үйү 2005-жылы жабылып, ошондон бери имарат иштетилбей келген.
Оорукана 30-марттан тарта ишке кирип, бейтаптарды кабыл ала баштады. Ал эми расмий ачылышы 9-апрель күнү өткөрүлүп, ага Ноокат райондук администрациясы, Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов, Кеңеш айыл өкмөтү, айыл ак сакалдары жана айыл активисттери катышты.

Кеңеш айылында терапия бөлүмү ачылды
Оорукана элдин суроо-талабы жана Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчилигинин демилгеси менен ачылган.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев оорукана айыл өкмөттүн жана айыл тургундарынын салымы менен ишке кирди деп билдирди.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев
Жеңишбек Исаев: «Айыл өкмөт тарабынан оорукананын ажаткана, терезелери жаңыланып берилди. Ал эми Куу-Майдан айылынын жаштары концентрат аппараттарын, Шаңкол айылынын жаштары жылуу суу киргизип беришти».
Бөлүмдө жалпысынан 11 жумушчу иштейт. Алардын төртөө түнкү бөлүмдөгү медайым, күндүзгү бөлүмдө улуу медайым, физиотерапефт, үч санитар, завхос, электрик жана кароол кызматкери.

Улуу медайым Зияда Болушева ооруканага келген бейтаптын кан басымын өлчөп жаткан учуру
Улуу медайым Зияда Болушеванын айтымында ооруканага көбүнчө бөйрөк, кант диабети, суук тийүү жана ар кандай аллергиялык оорулар менен кайрылышып, даарыланышат.

Шаңкол айылынын тургуну Бурма Анаркулова
Шаңкол айылынын тургуну Бурма Анаркулова: «Кеңеш айыл өкмөтүнө оорукана ачылган экен, ден-соолугума байланыштуу келип жаттым. Шарттары, шейшептери жакшы экен. Система, дары-дармектерди берип, жакшы карап жатышат.»
Терапия бөлүмүнүн физиотерапия-медайымы Жумагүл Шайбекова оорукананын ичи менен тааныштырды. Аны төмөнкү видеодон көрсөнүздөр болот.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова