«DigiKonush» санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору Ысык-Көл, Ош жана Баткен облусунда 6 пилоттук аймакта ишке ашты. Долбоордун алкагында өз бизнестерин интернет аркылуу өнүктүрүүнү каалаган ишкерлер колдоо алышкан.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында тургуну жеке ишкер 70 жаштагы Бүзейнеп Ташбекова мурда колго токуган килемдерин, өндүргөн буюмдарын базарга алып барып сатып түйшүк тартып келген болсо, учурда интернет аркылуу сатуу жолдорун өздөштүрүүдө:
“Биз айылда килем токуп, жүндү кайра иштетип, киийз шырдак, сувенирлерди жасайбыз. Айылдагы жумушсуз аялдар ушинтип ишкерлик кылабыз.Сатууга келгенде кп кыйынчылыктар жаралчу эле. Интернет аркылуу соода кылган өтө жеңил экен. Онлайн кардар таап алар дароо акчасын которуп жол акысын төлөп коюшат ошентип тез эле сатып коебуз. Биз мурда оор килемдерди сатыш үчүн аларды жүктөп алып базарга алып барып өтүп кетсе жакшы өтпөй калса кайра жүктөп келип убара тарчу экенбиз. Убакыт кетет, күч керек дегендей. Азыр акырындан үйрөнүп келе жатабыз. Онлайн соода аркылуу эл аралык рынокко дагы чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз бар экен”
Кыргызстанда Бүзейнеп Ташбековага окшогон ишкерлер көп. Алар сапаттуу, уникалдуу нерселерди өндүргөнү менен аларды онлайн сатуу ишинен аксап келет. Мындай жарандарга колдоо көрсөтүү максатында 2 жылдан бери «DigiKonush санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору иш алып барды. Ал Ош, Баткен жана Ысык-Көл облусунда 6 пилоттук аймакта ишке ашты. Долбоордун координатору Банур Абдиева долбоор аяктап жатканын белгилеп бул аралыкта ишкерлер өз ишкерлигин санариптештирүүгө колдоо алышканын билдирди:
“DigiKonush” -долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, эки уюмдун «Эстония эл аралык өнүктүрүү борбору» менен “Лидер” коомдук бирмекси тарабынан ишке ашырылды. Эки жарым жылдан бери ишкерлердин санарип ажырымын азайтуу үстүндө иш алып бардык. Бул тандалып алынган пилоттук аймактар менен гана чектелбей бардык каалоочу ишкерлерге дагы ачык болдук. Жалпысынан 3 багытта иш алып бардык алар: Санариптештирүү аркылуу коомчулук менен иштөө, санарип аркылуу соода жүргүзүү жана кибер коопсуздук.”
«DigiKonush санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун жыйынтыктоочу иш -чараларынын бири болуп калды. “Интернет соода айымдар шеринеси”-деген аталышта өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген айымдар онлайн соода боюнча эксперттер келип баарлышып, тажрыйба алмашышты.
Айгерим Кубатбекова