Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата мырзаларды, жигиттерди куттуктоо иретинде чакан иш- чара, ачык класстык сааттар өткөрүлдү.
Өсүп келе жаткан муунга Ата Мекенди сүйүү, коргоо ыйык милдет экени жөнүндө маалыматтар берилди.
«Эр жигит эл четинде жоо бетинде» деген темада 4-а классынын класс жетекчиси Гүлмира Токтосунова, 2-а классынын класс жетекчиси Сонунбүбү Жумадылова 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү, 7-классынын класс жетекчиси Клара Эшимбекова «Биздин баатырлар эч качан унутулбайт» деген темаларда ачык класстык сааттар өткөрүлдү.
Ачык класстык саатта окуучулар мекен жөнүндө көркөм окуу айтышып, класстер, синквейн түзүшүп, чыгармалардан көркөм окуу менен бирге үзүндү аткарышып, обондуу ырларды аткарышты. Майрамдык чакан иш- чарада Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, кыскача слайд көрсөтүлүп, окуучулардын өз калемине таандык көркөм окуулар айтылып, мекенибиздин тиреги болгон мырзаларды куттукташып, Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган докладдар окулду.
Окуучулар Ата Мекенди коргоо милдет, намыс жана жоопкерчилик экенин сезишти. Андан соң мектептин тарбия бөлүм башчысы Аида Карыбекова жана дене тарбия мугалими Акылбек Майсбек уулу даярдаган ден — соолукту чыңдоо багытындагы спорттук конкурс болуп өттү. Конкурста 10 этаптуу күч сынашуу болду. Конкурска мектептин 8-9-10 жана 11-классынын окуучулары Шумкар жана Бүркүт тайпалары болушуп күч сынашты. Жыйынтыгында Бүркүт тайпасы 1чи орунду ээлесе, Шумкар тайпасы 2чи орунду ээлешип, мактоо баракчалары «Мыкты оюнчу», «Шамдагай оюнчу», «Эң күчтүү оюнчу» жана башка наамдар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Мактоо баракчалары жана сыйлыктарды мектеп директору Гүлазар Муюнбаева тапшырды. Эске сала кетсек иш- чара, ачык класстык саат учурларында окуучулардын саламаттыгын сактоо үчүн окуучулардын аралыктары сакталып, бет кап тагынышып, антисептик байма-бай колдонулуп, коопсуздук эрежелери сакталды.
Кызыл-Туу айылындагы Улуу Ата Мекендик согушка барып келген баатырларга арналган эстеликке барып таазим кылынды.
Тойчуева Нурбүбү, Боронбаев Бактыбек