№ 7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде окуучулар бүгүн ишембилик өткөрүштү. Айлана-чөйрөнү тазалоого 5-11 класстын окуучулары катышты. Окуучулар өздөрүнө тиешелүү жерлерди тазалап жатышты. Мектептин айланасына ар бир балага бештен түп тал, терек таратылып, аларды өз алдынча отургузушту.
Ишембиликтин уюштуруучусу, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Молдобаева Жылдыз: “Биздин мектеп жашылдандыруу, көрктөндүруу боюнча иш-чара кабыл алганбыз. Биздин планыбызда айлана-чөйрөнү тартипке салуу, таштандыларды чыгаруу, бак-дарактарды бутоо, Тосмолорду оңдоп, арыктарды тазалап чыгуу негизги биздин максат болуп эсептелет”, — деп билдирди.
Кара-Суу орто мектебинин чарба башчысы Ченгелов Надырдын айтымында ишембилик учурунда 20 түп тал терек, тоодон алынып келинген жаш арчалар жана кайыңдардын түптөрү отургузулган.
8-класстын окуучусу Азимбай уулу Акылбек ишембиликке жигердүү катышып жатканын билдирди. «Биз айлана-чөйрөнү тазалап жатабыз. Исхак Раззаков “Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот” деп айткандай, баардыгыбыз кызуу иштеп жатабыз. Ар бирибиздин колубузда курок, тырмоо бар, тал теректердин ар кандай кочотторун отургуздук. Биз отургузган көчөттөр келечекте айлана-чөйрөгө кооздук жаратат», — деди Азимбай уулу Акылбек.
Даярдагандар: Суранбеков Белек, Тойгонбай уулу Билимбай.