Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы турак жайды жана элдин үлүшүн селден сактап калуу максатында Нарын дарыясынын оң жак жээги бекемделди.
Бекемдөө иштери жергиликтүү бюджеттен жана райондук ӨКМ көмөктөшүү менен 50 метр жер бекемделди. Өткөн 2018-жылы 70 метр бекемделген. Азыркы учурда дагы 25 метр жерди бекемдөө жана үстүн кошумча бийиктетүү иштетүү иштери турат.
Даярдаган: Албина Бейшеналиева