4- октябрда өтүлүүчү шайлоого элдин маанайы кандай? Сурамжылоого катышкан айыл тургундары, пандемия шартында өткөрүлө турган парламеттик шайлоодон кийин оору күчөп кетүү коркунучу бар дешсе, кээ бири өлкөнүн абалы жакшы жагына өзгөрөт деп ишенет. Ал эми башкалары мурункудай эле өлкөнүн абалы оор болот деп баалашат.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Нүргүл Алиаскарова, шайлоодон кийин өлкөбүздүн абалы жакшырат деген ойдо:
«Эл шайлоону туура кабыл алып, өлкөбүзгө кереги тие турган партияларды колдойт деп ишенем. 4- октябрь күнү татыктуу партияга добушумду берем жана шайлоодон кийин өлкөбүздүн абалы жакшырат деген ойдомун».
Жаңыдан добуш берүүгө укук алган, жаштардын саны да аз эмес. Алардын бирин толуктаган Бектурсун Урматбеков шайлоого болгон көз карашын билдирди:
«Парламенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды, 5 жылда бир өтүүчү шайлоодо жаңы кадрлар өлкөбүзгө жаны идеяларды, заманбап сунуштарды алып келип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө түзчү нерсе. Бирок, азыркы учурда бардык нерсе акча менен бааланып, адилеттүүлүк жоголуп баратканы байкалып жатат. Бирок жакшы нерседен үмүтүбүздү үзбөйлү. 4-октябрь шайлоо күнү өлкөбузгө татыктуу, төрт тарабы төп келишкен адамдар келет деген үмүттөмүн. Ал эми пандемия шартында өтүүчү шайлоого көз карашым бир аз туура эмес. Өлкө башчылары жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерин жүргүзуп жатышат, ал жакка 2000-3000 ге чукул эл чогулуп жатат. Ал эми жакшылыктарга аз эле адамга чек коюп койгон. Бул нерсе бир аз адилетсиздик деп ойлойм».
Буга улай эле Суусамыр айыл аймагынын тургуну Замира Акматова өз оюн кошумчалады:
«Пандемия шартында өтүүчү шайлоого көз карашым жакшы. Санитардык эрежелерди сактасак эч кандай көйгөй жаратпайт деп ойлойм. Оорудан коркуп шайлоого барбай койсок келечегибизге кайдыгер мамиле жасаган болуп калабыз. Шайлоодон кийин оору чыгышы мүмкүн, бирок бат эле өтүп кетет деген ишеничтемин».
Пандемия учурундагы шайлоого даярдык кандай?
Айдана Токтобекова