Сиз балаңыз үчүн кесиптик багыттоо жана окуу суроолору боюнча эң маанилүү кеңешчисиз. Анын күчтүү жактарын, эмнеге жөндөмдүү экенин билесиз жана балаңыздын келечегине көз карашыңыз бар. Андыктан төмөндөгү сунуштамаларды эске алып, учурдагы иш рыногунун түрдүү талаптарына, билим берүү окууларына мыкты жооп таба аласыз.
Балаңыздын кесип тандоосу үчүн ага бул тапшырмаларды бериңиз:
— Кесиптик кызыгуулар жана өзүнүн күчтүү жактарын билүү
— Өзүнөн улуу адамдар, тааныштар, мугалимдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү
— Маалыматтык иш-чаралар, ушул сыяктуу окуу жана ишке орноштуруу жарманкелерине катышуу же ишканалардын ачык эшик күндөрүнө барып катышуу
— Кесиптердин көбүрөөк санын эске алуу (3төн кем эмес кесиптин ээси болуу)
— Тажрыйба алуу үчүн практикалык ишке өтүү үчүн орун издөө
Ал эми сиз кантип жардам берсеңиз болот?
— Балаңыздын кызыгууларын жана күчтүү жактарын убагында билиңиз жана туура таасир бериңиз
— Балаңызды кесиптик багыттоо боюнча мамлекеттик багыттоо боюнча мамлекеттик кызматтын сунуштарын колдонууга мотивация бериңиз
— Башка ата-энелердин, тааныштардын кеңештерин чогултуңуз
— Кесиптик багыттоо боюнча мектеп кандай сунуштарды даярдаганын билиңиз
— Балаңыз менен бирге башка каалаган кесиптер туурасында ойлонуңуздар
— Кесип тандоого багытталган сунуштар, тесттер менен ылайыктуу кесиптер жөнүндө маалымат алуу үчүн колдонуңуздар
— Балаңыздын практикалык ишин өтүүгө орун издөөсүнө көмөк көрсөтүңүз, анын күчтүү жактарына жана жөндөмдүүлүгүнө ылайыктуу
Бул тизме аркылуу балаңыздын күчтүү жактарын жана жөндөмдөрүн биле аласыз
Сиз ушинтип балаңызга жардам бере аласыз
6-7-класстар
Балаңыз менен бирге ойлонгон кесиптери туурасында сүйлөшүңүз
Өзүңөрдүн кесибиңер жана ага баруунун жолдору жөнүндө айтып бериңиздер. Сиз бүгүн эмнени башкча кылат элеңиз?
8-10-класстар
Балаңызга анын күчтүү жактарын жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого жардам бериңиз
Учурда билим берүү, окуу тууралуу маанилүү сунуштар жана иш рыногунун абалы жөнүндө маалымат бериңиз
9-11-класстар
Балаңызга маалымат жана консультация боюнча ар кандай сунуштарды колдонуусун колдоңуз жана ал жөнүндө балаңызга айтып туруңуз
Кесип, окуу жай тандоо боюнча чечим кабыл алууда жардам бериңиз жана башка кесиптер жөнүндө пландаштырып коюнуз
Балаңыз чоңоюп, өзгөрүлүп турган кезинде жанында болуңуз
Балаңызды практика ишин өтүүсүндө көтөрмөлөп туруңуз
Кесип тандоодон адашып калбоо үчүн ыкмаларды билип алыңызБалдардын кесип тандоосуна ата-энелер кандай таасир этишет?
Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
Айгерим Кубатбекова