Баетов айыл аймагында жалпы 1409 гектар жер бар болсо, мунун 173гектары мамлекеттин жери (ФПС) болуп саналат. Ошондой эле 96га кайрак жер болсо, калган 77 га суу баскан аянт. Мына ушул 175 гектар жердин 50 гектарын Баетов айылындагы 7 кооператив аукционго катышпай эле мамлекеттен, айыл өкмөттөн жеңилдик алып, түз берүү менен арты 5 жыл, алды 20 жылга чейинки мөөнөткө алышкан.
Жергиликтүү кеңештин айыл чарба комитети мамлекеттин жерлерин өз кызыкчылыктарына колдонуп жатышкан кооперативдерден кайра кайтарып алуу боюнча демилге көтөрүшкөн.
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына таянсак, каттоодон өткөн кооперативдер асыл-тукум, үрөн чарба, өндүрүштүк багытта.
“Бирок аталган багыт боюнча иш алып барган кооператив жокко эсе. Калыстык үчүн айтайын, дыйкан, айыл чарба кызматкерлеринен сураганыбызда Жаныш Карасартовдун кооперативи жаз мезгилинде үрөн боюнча кызмат көрсөтөт. Кызыктуу бир жагдай, кызмат көрсөтөбүз деп ачып алышканы менен келишимде үрөн жайылтабыз же малды асылдандырабыз деген өңдүү пункт көрсөтүлгөн эмес. Мындан сырткары “мурда мен колдонуп жүрчүмүн” деп эч кандай келишими жок эле басып алуучулук менен да жеке кызыкычлыкка иштетилип жүргөн жерлер бар”,- деди.
Учурда депутаттардын демилгеси менен көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү документтер даярдалып, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү алдында турат.
Көчөнүн жашоочулары жаңы аталышына нааразылык билдиришүүдө
Акталаада айылдын жыл мыктылары аныкталды
Барчын Мамытбекова