Кочкор районунун «Соң-Көл» орто мектебиндеги мугалимдердин 88% эмдөөдөн өтүштү.
Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде мугалимдердин 88%ы эмдөөдөн өтүштү. Ал эми 4 мугалим бала эмизгендиктен, 1 мугалим кош бойлуу болгондуктан, 3 мугалим Ковид-19 илдети менен ооруп калгандыктан алышкан эмес. Ковид-19 илдетин жуктуруп алган 3 мугалим 6 айдан соң эмдөөдөн өтүшөт. Ушул эле мектепте иштеген техникалык кызматкерлердин 76%ы эмдөөдөн өткөн.
Вакцина алуу сиздин ден соолугуңузга пайдалуу экенин билесизби? Анда төмөнкү тесттен өтүп көрүңүз!
Айпери Марлес кызы