Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (октябрь 2015 — март 2016) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Биринчи сынакты төмөнкү жети айылдын тренерлери өткөрүшкөн. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2016-жылдын 1-апрелинде чыгарылган.
1. Андарак
Лейлек: Райондук волейбол мелдеши болду
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Жал
Сүрөт: Жалдын тургуну жыгачтан ар түрдүү фигураларды жасайт
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Кара-Суу
Кара-Суу: Арак сатылбаса эмне болот?
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Куланак
Куланак: “Жогорку билимдүүмүн, өз кесибим менен эмгектене элекмин”.
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
5. Тасма
Ысык-Көлдүк дыйкан шамал менен иштеген электр генераторун чогултту
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
6. Терек-Суу
Терек-Сууда жаңы дарыкана салынууда
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
7. Токтоян
Токтоян: Жалгыз баласы менен 63 жаштагы Анаркүл эне жардамга муктаж
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.