Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинде 4-апрель күнү мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү. Ал оюнга алты мектептин мугалимдер курамасы катышышып, Манас орто мектебинин командасы райондук турга жолдомо алды.
Лейлек районундагы Манас атындагы орто мектебинде волейбол жана теннис боюнча оюндар болуп өттү. Волейболдо алты мектептин мугалимдери катышты. Волейбол боюнча эжекейлер арасында финалдык беттеште Манас мектеби менен Сары-Дөбө мектебинин эжекейлери ойношту.
Манас мектебинин эжекейлери өздөрүнүн шамдагайлыгы менен райондук турга жолдомо алышты. Оюн тууралуу Манас мектебинин мугалими Мээрим Жаныбекова төмөнкүлөрдү айтты.
«Оюн аябай кызуу өттү. Себеби бул мелдеш бир жылда бир жолу өтүп тургандыктан бул жылы биз уттук аябай сүйүнүп турам. Биз мугалимдерге ушундай мелдештерди көп-көп өткөрүп турса мугалимдер стресстен алыс болуп, башыбыз эс алып, окуучуларга жакшыраак билим берет элек», — деди Жаныбекова.
Агайлар арасындада волейбол да кызуу өтүп, жеңишке Манас мектебинин агайлары жетишти. Финалдык беттеште Б. Саттаркулов мектеби жана Манас мектеби беттешти.
Манас мектеби биринчи орунду алса, Б. Саттаркулов мектеби экинчи орунду багындыды. Теннис боюнча Б. Саттаркулов мектебинен келген Абдыкадыр Эрназаров оюн мындайча билдирди.
«Бул күндү биз майрам десек да болот. Мына мугалимдердин теннис, волейбол боюнча оюндары өтүп жатат. Эми бул деген жарыш бирөө жеңет, бирөөсү утулат. Бирок мугалимдердин мамилеси дагы оңолгондугу, достошуусу майрамы деп түшүнөм», — деп билдирди Абдыкадыр Эрнарзаров.
Жеңген командалар райондук турга катыша алышат.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн