Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жаңы сүрөткана ачылды. Мурда бир гана сүрөткана бар болсо азыр экөө болду. Сүрөтканада эки адам эмгектенет.
Сүрөткананын долбоорун жазган Мурадилла Сүйүнов. Ал былтыр долбоор жазып, февраль айында жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, техникаларды алган.
«Биз бул сүрөткананы ачыш үчүн YOUTHOFOSH коомдук бирикмеси бизнес клуб аттуу долбоор жарыялаган экен. Ошондо биз 25-декабрда долбоор жазып февраль айында бул долбоорубуз өттү. Биз апрель айында иштей баштадык», — деди Сүйүнов.
Бул жерде сүрөткө тарткандан тышкары бирдик жүктөө, видеого тартып монтаждоо, ар кандай документтерге сүрөткө тартуу жана башка кызматтар бар. Айыл жашоочусу Нурсеит Дусматов оюн мындайча билдирди.
«Бул сүрөткана ачылганы аябай жакшы болду. Мурда кошуна айылга барып убара болсок, азыр бул жерге келип сүрөт чыгартып алганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул сүрөткана айыл жашоочуларынын түйшүктөрүн бир топ жеңилдетет деп ойлойм», — деген пикирде ал.
Бул сүрөтканага жалпысынан 60 миң сом каражат кеткен.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн