Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.
Баяндаманы окуучулар аткарып, анда Кыргызстандын Эгемендик алган учуру, элдин кыйын жашоосу, Курманбек Бакиевдин ант берүү учурундагы аянтта бийлеген бийи, аянттагы элдин көзгө атарлардан мерт болушу сыяктуу көрүнүштөр чагылдырылды.
Бакиевдин ролунда 10-а классынын окуучусу Алдаберген уулу Узак болду. Мыкты аткарылган ролдор, таамай курч жазылган сөздөр келгендедин айрымдарын көзүнө жаш алдырды.
Тилекке каршы элдик революцияга арналып өткөрүлгөн бүгүнкү иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнөн бир дагы өкүл келип катышкан жок.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида, Жыргалбекова Элиза
Сынак үчүн