Андарак айылындагы Манас орто мектебинде 5-апрель күнү окуучулардын ата-энелери менен биргелешкен спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага 7-классы аталары менен биргеликте катышты.
Иш чараны аталган класстын класс жетекчиси Кайриниса Сулайманова уюштурган. Иш чара “Ден — соолукту чындайлы” деп аталды.
Ал мелдешке жыйырма ата балдары менен катышып, “Достук” жана ”Алга” командалары болуп беттешишти. Беттеш төмөнкү программада өткөрүлдү: чуркоо, кап менен секирүү, кол күрөш, аркан тартыш, волейбол. Шамдагайлыгы менен “Достук” командасы жеңип чыкты.
Беттеш тууралуу Салия Джураева мындай оюндарды ай сайын өткөрүп турса жакшы болмок деген айтып өттү.
Оюндун катышуучусу Эшенкул Орозбаев «эми мындай мелдештерди көбүрөөк уюштурсаңар, келип катышууга жана алдын ала айтсаңар, демөөрчү болууга да даярбыз” деди.
Оюндун соңунда катышкан аталарга кызыктыруучу белектер, балдарга таттуулар берилди.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн