Кочкор районунун Төлөк айылында «Соӊ-Көл» Айылдык Кеңештин алгачкы отуруму болуп, алгач ирет кеӊештин төрагасын жабык түрүндө шайлашты.
2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо жыйынтыгы чыгып, жыйынтыгында 11 депутат шайланган. Жалпысынан 28 талапкер ат салышкан, аладын 11и мырзалар болсо, 7си аял жолдоштор талапкерлигин коюшкан. Улуусу 67жашта болуп, кичүүсү 25жашта болгон. 4145 шайлоо усасткасында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болуп өткөн 11 депутаттын ичинен 7 эркек, 4 аял жолдоштор түзгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10-май 2021-жылы 11 депутатка мандаттары тапшырылган.
“Бүгүн айылдык кеӊештин төрагасын шайлап алалы деп алгачкы отурумга келдик”-дейт “Соӊ-Көл” депутат Бакытбек Айманов.
“Төрагалыкка эки адам талапкерлигин коюп жатат. Алардын платформалары менен таанышып, иштин көзүн билген, эл үчүн иштеп берем деген талапкерди шайлап алсакпы”,- деп кошумчалай кетти.
Жыйындын башында депутаттардын улуусу Динара Алымкулова сөз сүйлөп, сессияны ачып берди. Төрагалыкты шайлоо жабык түрдө жүргүзүлөрүн аныкташып, эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп Нурзат Исмаилова, мүчөлөрү: Өмүрбек Абдраев, Бакыт Аймановдор бир добуштан шайланып алышты.
Айылдык Кеӊештин төрагалыгына Айдархан Дүйшөнбек уулу менен Динар Алымкулова талапкерлигин коюшту. Жалпы депутаттар арасында 11 ачык эмес жашыруун добуш берилип, жыйынтыгында 6 добуш менен Айдархан Дүйшөнбек уулу айылдык кеӊештин төрагасы болуп дайындалды.
Айылдык кеӊештин мурдагы төрагасы Асхат Жакыпов Айдархан Дүйшөнбек уулуна төрагалык милдети менен бирге ишине ийгиликтерди каалоо- тилегин айтуу менен өткөрүп берди.
Айдана Тыныбекова