Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Үркүнчиев Сыдык атындагы №11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Асанбүбү Садыкова айылдагы эпидемиологиялык абал тууралуу төмөнкү маалыматтарды берди.
Дарыгер Асанбүбү Садыкова
«Кара-Суу айылында жалпы 2818 адам жашайт. Коронавирус инфекциясы боюнча айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп келет. Мектепте жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда фильтрлер иштеп жатат. Айылда учурда абал туруктуу. Оорунун жеңил түрү менен ооругандар адамдар бар, алар обочолонуп дарыларын алып жатышат, биздин көзөмөлүбүздө турушат. 2 адам станционарда дарыланып жатышат, алар менен байланышта болгон адамдар көзөмөлдө турушат.
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинен 12, «Ийгилик» бала бакчасынан 5 жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан 3 киши 30-апрелде эмдөөдөн өтүшкөн, 21-майда экинчи эмдөө жүргүзүлөт. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин вакцина алууну каалагандардын саны көбөйдү. Мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине вакцина жетиштүү санда келген. 4 дем алдыруучу аппаратыбыз бар, дары-дармектер жетиштүү, дарыкана иштеп жатат. Дарыга аябай деле муктаждык жок, абал негизинен туруктуу».
Медайым: «Ар бир келген адамдын дене табы өлчөнүп журналга түшүрүлөт».
Бул муздаткычта вакциналар сакталат
Суусамыр айылына 400 даана вакцина алынып келинген
Нагима Муратбекова