2021 — жылдын 16-май күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси, Нарын райондук билим берүү бөлүмү жана Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектеби тарабынан окуучулар арасында эки күндүк дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге Нарын районунан 16 мектебинен командалар келип катышышты.
Адегенде биринчи күнү окуучуларга атайын Кыргыз Республикасынын Юридикалык Академиясынын дебаттык клубдарынан келген тренерлер Кабылов Тансейит, Нурбеков Адылбек, Абдиллаев Жоробай, Дунганбеков Феликс окуучуларга дебаттык оюндар тууралуу атайын сабактарды өтүштү.
Ал эми экинчи күнү командалардын билим-билгичтиктерин аныктоо максатында Нарын районунун акиминин өтмө кубогуна арналган дебаттык турнир болуп өттү. Жыйынтыгында, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби 1-орун, Казаалы Абиров атындагы орто мектеби 2-орун, Өмүр Токтосунов атындагы орто мектеби 3-орун, Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектеби активдүү катышкандыгы үчүн жана «Мыкты спикер» номинациясы менен Д.Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Арзланбекова Айзат Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Диплому жана турнирдин демөөрчүсү болгон «Асылбеков Ысмайыл” атындагы коомдук фондунун белектери менен сыйланышты.
Акылай Алмазбекова