Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөт кызматкерлери
Акцияны Чоң-Арык айылынан чыккан жаш жигит Жуманалы уулу Түгөлбай уюштурган.
Акциянын алкагында жалпы 500 ашык китептер чогулуп, Чоң-Арык айылынын Өкүнбек Бузурманкулов атындагы китепканасына өткөрүп берилди.

Сол жакта Жуманалы уулу Түгөлбай

Акцияны уюуштуруучуларга жана чоң колдоо көрсөткөндөргө ардак грамоталар тапшырылды

Акциягы «Ак элечек апалар» тобу келип кубулжута обон созуп беришти
Нурбек Мырсырайымов