Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде 2022-жылы 11-классты 26 окуучу аякташты, алардын 12си кыздар болсо, 14ү эркек балдар. Ал эми ЖОЖго тапшыруу үчүн мамлекет тарабынан уюштурулган ЖРТнын босого баллынан 7 окуучу өткөн.
Мектепти аяктап жаткан 26 окуучунун 19у ЖРТ сынагын тапшырышкан, алардын жыйынтыгы угузулуп, 7 окуучу ЖОЖдун бюджеттик бөлүмүнө өтүү үчүн атайын талондорун алышты.
«Уулум Улан Асанбеков мектепте эң алдыңкы балл алган окуучу экен. Буга сүйүнүп турам. Ууулум бир аз жумуштары менен келе албай калгандыктан, жыйынтыгын алуу үчүн өзүм келдим эле, минтип жакшы балл алып кубандырып турат. Буюрса уулум салык кызматкери болом деп турат»-дейт уулунун ЖРТ жыйынтыгын алууга келген апасы Зарина Акаева.
152 балл алган Назик Максат кызы: «Мен өзүм каалаган Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине котормочулукка же англис тили мугалимдигине тапшырсамбы деп турам. ЖРТдан жакшы балл алуу үчүн көп аракет жасадым. Курстарды окуп келдим. Бирок бул баллга деле өкүнбөйм. Буюрса алдыда максаттарым көп»-дейт.
ЖРТнын жыйынтыгы менен 12 окуучу босого баллдан өтпөй калган. Алардын бири Азамат Кубанычбек уулу: » Мен буга чейин окубай койгонума аябай өкүнүп турам, жакшы кесиптин ээси болуш үчүн ЖРТны жакшы тапшырыш керек экен. Мен эми 77 балл менен ЖОЖдорго тапшыруу мүмкүнчүлүгүм жок болгондуктан, колледжге барып, ширетүүчү болсомбу дейм»-дейт.
Алина Талантбек кызы мыкты окуучулардын бири, ЖРТнын жыйынтыгы аны кубандырып турган кези. Ал ЖРТга даярдоочу курстардан шартка байланыштуу окуган эмес. Бирок ошентсе да көрсөткүчү жогору болоруна ишенген: «Мен келечекте мугалим болсомбу дейм. Филология факультетин тандап жатам. Бүгүнкү көрсөткүчүмө кубанычтамын»-дейт.
Бурул Майрамбек кызы