«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей, быйылкы окуу жылында Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучусу Болотова Фатима ЖРТдан жогорку баллды багындырды. Тестирлөөдөн 200 баллынын ээси болду.
Ал өз сөзүндө мындай деди:
«Башында озумдун айылдагы эжейлерим: Фатима эжей жана Назгүл эжей менен даярданып жаттым. Каникул учурунда Secom билим берүү мекемесинен ЖРТга даярдоо курсун окудум. ЖРТга бир ай калган кезде Нарын облусундагы Secomдун бир айлык лагеринде окуп, ошол жактан даярдандым.»
Фатима кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө да өзүнүн кеп-кенешин жана каалосун айта кетти:
«ЖРТкадан албетте жогорку балл алууга мумкун…. Жашоодо адамдын колунан келбей турган эч нерсе жок. Аракет кылсаң баарына жетесиң!
Кийинки бүтүрүүчүлөргө каалоом кудайым буюрса алар «Алтын сертификат» алышсын. Аларга кенешим: даярданууну эрте баштагыла, эртенкиге калтырбагыла! Силердин колунардан баары келет. Ошол учун ЖРТга даярдоо курстарына баргыла! Алардын жардамы аябай чон экен.
Максатынарга умтулгула.
Фатима, сизге дагы келечекте бир кесиптин ээси болушунузга тилектешпиз. «Ийгиликтин алгачкы кадамы» сиз үчүн чоң болду жана келечекте ал кадамдар арбын болот деген ойдобуз.Фатима Болотованын ата-энеси менен
Асема Сүйүндүкова, Айчүрөк Сапаркулова