Нарын токой чарбасынын демилгеси аркылуу «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмеси жана «Жердин балдары» уюму менен биргеликте Каратал токойчулугунун Кызыл-Үңкүр коктусунда 2023-жылдын жаз айларында карагайларды отургузууга атайын жер тилкеси даярдалды.
Нарын токой чарбасынын директору Рахат Эсенгулов ыктыярчылардын иштерин колдоо менен карагайларды отургузууга атайын аянтчаларды даярдоодо алардын коопсуздугун дайыма көзөмөлдөп турат.
«Токой чарбасын өнүктүрүүдө «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары зор салым кошууда. Жаштардын демилгесин колдоо менен алардын коопсуздугун да биринчи орунга коюшубуз керек. Бийик тоолуу аймактарга жана тоонун бетине чыкканда дайыма коопсуздук эрежелери менен тааныштырып анан ишибизди баштайбыз.
Ыктыярчылардын сунушу менен бул жолу «Кыргызстан» деген сөздү жазууну пландап, атайын аңгекчелер (лумка) даярдалды. Өлкөбүздүн жашыл экономикасын өнүктүрүү үчүн жаштардын кылып жаткан бул иштери баарыбызга үлгү болот деп ишенем. Быйыл жазында бул аймакка карагайдын 15 000 түбү отургузулса, буюрса кийинки жылы андан да көп отургузганга аракет кылабыз»,-дейт Рахат Эсенгулов.
Аяна Ырысбек кызы