Төлөк айылындагы чакан долбоордун негизинде эмгек акы катары берилүүчү ун жана суу майлар 36 үй-бүлөгө таратылып берилди.Төлөк айылында 379 түтүн бар, ал эми 1908 адам жашайт. Булардын ичинен 115 үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр деп аталат. Мына ошол аз камсыз үй-бүлөлөрдү калктын аярлуу катмары деп май айында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык түлүк программасынын негизинде аларды ун жана суу май менен камсыз кылуу максатында чакан долбоор ишке ашкан. Ал долбоорго 36 адам катышып, айылга келүүчү сугат суу арыктарына тосмолор орнотушкан. Бул жумуш бир айга созулуп, жазгы сугат иштерине даяр болгон. Ал эми бүгүн мына ошол эмгектеринин акысы катары ун жана суу май алышты. Таратуу мезгилинде атайын долбоорду колдоочулар тарабынан өкүлчүлүк келип ачык-айкын болгон.
Бурул Майрамбек кызы