Улуу Жеңиштин 75жылдыгына карата Россия Федерациясы тарабынан согуштун катышуучуларынын жесирлери Сары-Булуң айыл аймагында жашаган Жибек Бексултанова, Аписа Асановага медалдар берилген.

Медалды Тогуз-Торо райондук администрация башчысы — аким Айбек Кожошов тапшырды.

Учурдагы абалга байланыштуу райондук мекеме жетекчилери: райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, райондук коммисариатынын башчысы жана айыл ѳкмѳтү болуп, акчалай сыйлык жана азык-түлүк түрүндѳ атайын жашаган жерине барышып, куттуктоолорду айтып, тапшыруу иштерин жүргүзүштү.

Бул туралуу Сары-Булуӊ айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Амангелди Токтоналиев билдирди.
Даярдаган: Анара Мааметова