Суусамыр өрөөнүндө 8-ноябрда СССРдин эл агартуусунун отличниги, согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловдун 100 жылдыгы белгиленип, эскерилди.
Бул иш чара мамлекет тарабынан колдоого алынып, Чуй облусунун губернатору Максат Эркебекович, Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Каналбекович катышты. Андан тышкары, »Кут билим» гезитинин башкы редактору да бул салтанаттуу жыйында сөз сүйлөдү. Иманжан Бегимкулов атындагы Тунук орто мектебинин окуучуларынын аткаруусунда чакан концерттик программа көргөзүлдү.
Иманжан Бегимкулов тууралуу кыскача кино тартылгандыгы жана китеп басылып чыккандыгы белгиленди.
Даярдаган: Таалайбекова Перизат, Аманкулов Айжаркын